Кыргыз жарандары Катар мамлекетинде билим алышса болот

Катар мамлекети Кыргыз жарандарына 2021-2022-окуу жылына карата стипендиялык программаларды сунуш кылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Катар өнүктүрүү фонду Катардагы бир нече абройлуу жана алдыңкы билим берүү мекемелери менен өнөктөш болуп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эл аралык студенттерине тил жана жогорку билим берүү гранттарын сунушташты.

Тапшыруу кандай жол менен өтөт ?

  1. Талапкерлер алгач каттоодон өтүп, тандаган окуу жайынын кабыл алуу талаптарына жооп бериши керек;
  2. Талапкерлер тандалган академиялык мекемелерге стипендия алуу үчүн кайрылышат;
  3. Академиялык институт QS стипендиясын каржылоого академиялык талаптарга ылайык талапкерлерди көрсөтөт;
  4. QS Катар стипендиясын ала турган талапкерлердин акыркы тизмесин тандайт.

Программа боюнча кененирээк маалыматты төмөнкү шилтеме менен кирип окуй аласыз.
http://qatarscholarships.qa/

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.