Кыргыз жайыты өзгөчө мамилеге муктаж

Кыргызстанда акыркы жылдары жайыт маселеси курчуду. Туура эмес пайдалануу тоютка жарамдуу чөптөрдүн азаюусуна алып келүүдө. “Кыргызгипрозем” изилдөө институтунун 2016-жылга чейинки жүргүзгөн  мониторинги боюнча жайыт аянттарынын 63 пайызы деградацияга (жердин бузулуусу – чөп аз чыга баштаган учур) дуушар болгон.

Оштун Кара-Суу районунун тургуну Бакытбек Бороновдун айтымында, аймактагы жайыттардын абалы жыл санап начарлоодо. Маселен, быйыл Мады айыл аймагындагы жайлоолорго чөп аз чыккан. Мал жайылганына бир ай болбой жатып жер такыр абалга жетти.


Бакытбек Боронов – Кара-Суу районунун тургуну

Айыл өкмөттүн карамагында жайытка жарамдуу 2 100 гектар жер бар. Малдын саны жылдан жылга көбөйүп жатат, жер тартыш. Бул жылы 9 миң ири мүйүздүү мал, 13 миң кой, 1 500 жылкы каттоого алынган.


Жунус Исмаилов – Мады айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин төрагасы

Жайыт комитеттери жайлоо мезгили башталаарда мал жаюу планын иштеп чыгат. Жайытка ченемден ашык мал жайгандар аныкталса, оозеки түрдө гана эскертүү бере алышат.

2016-жылга чейин өлкөдөгү жайыттардын абалына “Кыргызгипрозем” институту мониторинг жүргүзүп келген. Андан кийин бул кызмат Айыл чарба министрлигинин жайыт департаментине жүктөлгөн. Аталган кызмат жайыттардын деградацияга туш болгон аянты болжолдуу көбөйүп жаткандыгын билдирет. Бирок каражаттын тартыштыгынан беш жылдан бери геоботаникалык изилдөө аткарылбай келүүдө. Учурда Ысык-Көл жана Ош облустарында гана мониторинг жүргүзүлүп жатат. Ошондо да жалпы жайыттардын абалын аныктоого азыр да акча тартыш.

2015-жылдын аягында жарыяланган статистика:

Айыл чарба жаатындагы адис Канат Капаров жайыттар коромжу пайдаланылып жаткандыгын белгилейт. Натыйжада жыл санап тоютка жарамдуу чөптөрдүн түшүмдүүлүгү азайган. Гүлдөп, уругу жерге түшкөнгө чейин эле мал-кой тебелеп жок кылып жатат:

 “Алыскы жайытка жетүүдө жол кыйынчылыгы жаралат. Малчылар жыл сайын барып көнгөн жайытын пайдаланып жатышат. Тескерисинче, жайлоолорду которуштуруп туруу керек. Начар жерлердин айланасын тосуп, эс алдыруу керек”, – деди Капаров.

Канат Капаров кошумчалагандай, деградацияны алдын алуу аракети көрүлбөсө, такырайган жайыттан мал этке кирбейт жана сүтү азаят. Натыйжада Кыргызстандын экономикасынын негизги бөлүгүн түзгөн мал-чарба тармагы артка кетет. Бул нерселер акырындап климаттын өзгөрүүсүнө алып келиши мүмкүн. Чөп аз болсо, буулануу да азаят. Анын кесепетинен жамгыр аз жаап, күн ысык жана кургакчылык болот.

“Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын жетекчиси Абдымалик Эгембердиев малдын санын көбөйтүүгө басым жасабай, сапатына көңүл бурууга чакырат. Мисалы, беш малдын ордуна асыл-тукум бир баш мал бакса болот. Ал эт, сүт багытында жергиликтүү беш малдын кирешесин берет. Ошондо табигый чөптөрдүн түшүмдүүлүгүн сактап калуу мүмкүн.


Абдымалик Эгембердиев – “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын жетекчиси

Жайыттар корукка алынып, калыбына келтирилүүдө

Кара-Суунун Лаглан айылынын тургундары жайыт кыртышын сактап калуу ыкмасын колдонушууда.Үч жыл мурун эл аралык уюмдарга жакынкы жайыттарды тосуу максатында долбоор жазышкан. Жыйынтыгында 1,5 миң гектар жерди зым тосмо менен курчап чыгышты. Ал үчүн жалпысынан 900 миң сом сарпталып, 25 пайызын жергиликтүүлөр өздөрү чогултушкан.

Айыл тургуну Садык Адыловдун айтымында, тосмо курулганга чейин жайытта табигый чөптөрдүн кору азайып кеткен. Ошондуктан жерди эки жыл катары менен сактап, тоют чөптөр көбөйүүдө. Бул жылдары жашоочулар алыскы жайыттарды пайдаланууга өтүшкөн.

Андан бери айыл тургундары малды жаз-жай мезгилинде алыскы жайыттарга жайып, кышкы тоют чөптү айланасы тосулган жерден жыйнап жатышат. Учурда тоют төрт мезгилде тең жетиштүү болуп, жайыттарды деградацияга учуратпоо маселеси чечилип калды.


Садык Адылов – Лаглан айылынын тургуну

Такырайган жайыттарга үрөн себилүүдө

Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагынын жайыт комитети быйылкы жазда эки гектар аймакка тоют чөптөрдүн үрөнүн себишкен. Гүлдөп, урук алганда уругун жыйнап, чөп чыкпай калган Кара-Шоро жайлоосуна чачышат.

“Бизди колдоп, тоютка жарамдуу 5 түрдүү чөптүн үрөнүн “Кыргыз жайыты” ассоциациясы берди. Өз каражатыбыз менен чачып, карап жатабыз. Күзүндө мал жайлоодон кайтат. Ошондо жыйнап алып, деградацияга туш болгон жайыттарга чачып көрөлү. Бул ишти алгачкы жолу жасап жатабыз. Жакшы жыйынтык берсе, чөп тартыштыгын жойсок болот”,- деди Мырзаке жайыт комитетинин башчысы Камал Матураимов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда малдын саны жыл санап өсүүдө. 2020-жылы өлкө боюнча 7 миллион 673 миң 430 баш мал жандык каттоого алынган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 48 миң 810го көп.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.