Кыргызтан-Өзбекстан чек арасында 217 чакырым тактала элек тилке калды

5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев бир катар документтерге кол койду.

Президенттер бул күндү кыргыз жана өзбек эли 25 жыл күткөнүн айтып, Атамбаев Бишкекке келгени үчүн Мирзиёевге ыраазылык билдирди.

Өз кезегинде Мирзиёев Кыргызстанды Өзбекстандын стратегиялык өнөктөшү деп атады. Анын айтымында, коңшулар менен жакындашуу Өзбекстандын стратегиясы болуп эсептелет жана мамлекет башчылар өз чектерин достуктун чек арасына айлантышы керек.

Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон алгачкы иш сапарынын алкагында талаш тилкелер такталды.

Алардын катарында Ош облусундагы Кемпир-Абад суу сактагычы, Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Гавасай аймагы, Баткендин Сох анклавынын айланасындагы участоктор бар. Тактап айтканда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын дээрлик 85% такталып бүттү.

Кыргыз-Өзбек чер арасынын узундугу 1378 чакырымды түзүп, анын 320 чакырымы ушул кезге чейин такталбай келген. Тагыраагы, эки өлкөнүн ортосунда талаш-тартышты жараткан 36 аймак бар болчу.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz