Кыргыз тилинде сүйлөй албаган мамлекеттик кызматкерлер кызматынан четтетилеби?

2019-жылдан тарта мамлекеттик тилде эркин сүйлөп, оюн кенен түшүндүрө албагандар кызмат ордунан төмөндөп же четтетилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тил боюнча тест тапшырууга милдеттүү. Аталган тест эл аралык стандарттардын нормасында түзүлүп, сынак тапшыруучуну беш баскычта тил билүүсүн сынайт.

Сынакта жетиштүү упай топтой албагандарга жыл ичинде  кайра даярдануу мүмкүнчүлүгү берилет. Бирок 2019-жылдын 1-январынан тартып, жеңилдик берүү мөөнөтү аяктап,  мамлекеттик тилди өздөштүрбөгөн кызматкерлер мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылат.  Ал эми аталган  токтом президент, парламент төрагасы жана премьер министр дайындаган саясий кызматкерлерге тиешелүү эмес. Мындай артыкчылык коомчулуктун сынына кабылып, эң оболу  жогорку бийлик ээлери мамлекеттик тилди билүүсү зарыл дешет.

Сынак тапшырууну  улуттук тест борбору жүргүзүп, тил комиссиясы көзөмөлдөйт. Кызматкер лексика, грамматиканы иш  жүзүндө колдонууну, мааламатты окуп, угуп түшүнүүнү жана адабий норманын чегинде оюн эркин жазып, оозеки айтып берүүнү билиши керек. Бардык процесс компьютер аркылуу онлайн түрүндө  ишке ашып,  каалоочулар интернет  аркылуу карап  турушса болот.

Өлкөдө 17 миңдин тегеринде  мамлекеттик жарандык жана 9600 дөн ашуун муниципалдык кызматкерлер бар. Жылына мамлекеттик кадр кызматы 3 миңден ашуун кызматчыларын кыргыз тили боюнча окутуудан өткөрөт. Андыктан, өткөн жылы өкмөт тарабынан чыккан токтомдун  негизинде, кызматкерлер мамлекеттик тилден тест тапшырууга даяр.

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калыбек Алышбаев:”Ар бир мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызматкер өзүнүн иш ордунда, иш учурунда мамлекеттик тилди билиши керек, сүйлошү керек деген талап менен атайын программаны ишке ашырып жатабыз”, -дейт.

2018-жыл   кызматкерлерге сыноо  мөөнөтү болуп, тест тапшыруу баскычтарына жараша 2021-жылга чейин уланат. Эгер бул аралыкта да кызматкер өзүнүн деңгээлиндеги суроолорго жооп бере албаса, анда ээлеген ордунан төмөндөп же жумушунан четтелиши мүмкүн экендигин Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев эскертет.

“2019- жылдан кийин аталган сынак юридикалык күчкө ээ болот. Ошондон кийин буга маани бербегендерге кызмат деңгээлинен төмөндөө коркунучу бар”,- деди Ишекеев.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жасалган мындай кадам коомчулуктун колдоосуна ээ болууда. Анткени эл менен тыгыз иштеген төмөнкү кызмат адамдары кыргызча билиши жакшы жөрөлгө. Ошондуктан, бийлик  өлкөдө кыргыз тилин үйрөнүү зарылдыгын жаратышы керек дешет айрым коомдук ишмерлер.

“Жогорку мамлекеттик деңгээлде зарылдык түзүлмөйүнчө бул нерсе жолго түшпөйт. Андыктан, кыргыз тилин үйрөнүү зарылчылыгын түзүш керек деп ойлойм”,- дейт коомдук ишмер Кадыр Кошалиев.

Акыркы кездерде кыргыз тилин билбеген  жетекчилер боюнча маалымат айдыңында кызуу талкуулар жүрүп жатат. Андыктан, мамлекеттик тилдин аброюн көтөрүүгө багытталган мындай токтомду айрым эл өкүлдөрү кубатташып,  тил  билбегендер жетекчилик же болбосо катардагы кызматтарда отурууга моралдык укугу жок деп эсептешет.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий макамга ээ. Жогоруда киргизилип жаткан  тестирлөө өлкөдөгү башка тилдерге кедергисин тийгизпейт. Тестирлөө электрондук негизде жүргүзүлгөн үчүн коррупцияга жол ачпастыгын мамлекеттик кадр кызматы ишендирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген