Кыргыз тили Жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбей калдыбы? Министрликтин жообу

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарда тарап жаткан сын-пикирлер боюнча маалымат таратты. Буга чейин социалдык тармагында жарандар тарабынан “Кыргыз тилин жалпы тестирлөөгө киргизбей коюу маңкурттуктун жеткен чеги, демилгечилер токтоосуз кызматтан кетишсин”,-деген сыяктуу пикирлер жазылган.

Министрликтин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевдин айтымында, кыргыз тили Жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбей калды деген жаңылык чындыкка туура келбейт жана ал маалыматтар бурмаланып берилип калган.

“2002-жылдан бери эле тестирлѳѳнүн негизги предметтери болгон математика, окуп түшүнүү, аналогиялар жана сүйлѳмдѳрдү толуктоо, кыргыз тилинин практикалык грамматикасы деген бѳлүктѳр, ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, физика, химия, биология, математика, сыяктуу предметтер боюнча кошумча тесттер кыргыз тилинде тапшырылат. Кыргыз Республикасынын 70%дан кѳбүрѳѳк бүтүрүүчүлѳрү ЖРТны кыргыз тилинде тапшырышат жана бул боюнча эч кандай маселе жок”, – дейт Марат Усеналиев.

Анын кошумчалаганындай, 2020-жылдан тартып Жалпы республикалык тестирлөөгө филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилип жатат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку чек 238 упай болду. ЖРТга бардыгы болуп 43 миң 440 абитуриент катышкан болсо, босого упайдан 27 миң 19 бүтүрүүчү же 62,2%ы өтө алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген