Кыргыз-тажик чек арасындагы жумушчу топографиялык топтордун протоколуна кол коюлду

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 1-7-сентябрына чейин Тажикстандын Согди облусунун Исфара шаарында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну КРнын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.