Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч деп мүнөздөлүүдө

Чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал курч деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара кызматынан билдиришти.   

Анда маалымдалгандай, тажик тарап бүгүн саат 03.00дө Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын белгисиз бир бөлүгүнө, Кыргызстандын аймагынын тереңдигине 1 миң метрге чейин кирип бара жаткан жерине контейнерди орното баштады. Саат 6.00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишти.

«Тажик тарапта аскер кызматкерлеринин автоунааларда жана жеңил брондолгон унааларда топтолушу байкалууда. УКМКнын чек ара кызматы жаңжалдын алдын алыш үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Бирок Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатышат. Чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө жайгашкан кыргыз чек ара кызматынын бөлүктөрү иштин күчөтүлгөн режим түрүнө өтүштү », – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.