Кыргыз-тажик чек арасында аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча атайын операция башталды

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде аткезчиликке каршы биргелешкен атайын чек ара операциясы жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын чек ара басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, операцияны УКМКнын Баткен облусу боюнча командачылыгы жетектейт. Биргелешкен атайын чек ара операциясына жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдарын жана региондо жайгаштырылган компетенттүү структуралары катышты.

Мамлекеттик чек арада мыйзамсыз иштерге жол бербөө максатында, операциянын алкагында өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар көрүлөт.

Буга чейин Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү күйүүчү майларды сордуруучу шланганы табышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.