Кыргыз-тажик чек арасында аскерлер ортосунда ок атышуу орун алып, натыйжасында бир кыргыз аскери каза болду

8-июлда, саат 17:00 чамасында Чашмагилдан ашуусунун аймагындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алган.

Натыйжада, чек ара кызматынын аскери, 1994-жылы туулган сержант Хуснидин Хожиев көз жумду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, чек арачынын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тажик тараптан каза болгондор жана жаракат алгандар дагы бар.

Окуя болгон жерде КР УКМКнын чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник К.Төлөнбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери турушат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү бул фактыны иликтөөнү улантууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.