Кыргыз тасмасы Казакстанда өткөн фестивалдын мыкты сценарийи үчүн сыйлыкка татыды

Кыргыздын “Кыял” тасмасы 8-12-сентябрда Алматыда өткөн BAIQONYR эл аралык кыска метраждуу тасмалардын фестивалында жеңүүчү болду. Бул тууралуу kyrgyzcinema сайтында маалымдалды.

“Кыял” тасмасы 2020-жылы КМШ өлкөлөрүнүн жаш кино форумунун “Үмүт” улуттук сынагынын жеңүүчүсү, кинематография бөлүмүнүн жана “Айтыш-фильм” киностудиясынын колдоосу менен тартылган.

Сценарист жана режиссер – Чыңгыз Самудин уулу, операторлор – Анвар Бакыт уулу жана Мелис Абдибаитов, үн инженери – Калыбек Шерниязов, көркөм жетекчиси – Артыкпай Сүйүндүков.

BAIQONYR Эл аралык кыска метраждуу тасмалардын фестивалы – жыл сайын өтүүчү кыска метраждуу тасмалардын фестивалы, ал кыска метраждуу фильмдерди Казакстан жана КМШ өлкөлөрүндө өнүктүрүү жана популяризациялоону көздөйт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.