Кыргыз танкисттери “Танк биатлону – 2021” жарышынын жеңүүчүлөрү болушту

Кыргызстандык танкисттер биатлон боюнча мелдештин 2 -дивизиясынын эстафетасынын финалынын жеңүүчүлөрү болушту. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, финалдык жарыш кечээ, 3-сентябрда Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Алабино полигонунда “ARMI-2021” эл аралык армия оюндарынын алкагында өттү.

Кыргыз танкисттери көк танктарда оюн көрсөтүштү. Алардын атаандаштары Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын аскер кызматкерлери болгон.

Кыргызстандыктар марага 2 саат 16 мүнөт 51 секунддун жыйынтыгы менен келишти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.