Кыргыз сомуна 25 жыл. Валюта тарыхындагы эң кызык жагдайлар

Бүгүн, 10-майда эгемен Кыргызстанда улуттук валюта – сомдун жүгүртүүгө киргизилгенине 25 жыл толду. Өлкө Борбор Азия жана КМШда биринчилерден болуп рубль аймагынан чыгып, өз акча бирдигине өткөн.

“Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” өнөктөшү кыргыз сомунун тарыхындагы эң кызык жагдайларды эстеди.


Тагыраак айтсак, 3-майда республиканын Жогорку Кеңишинин депутаттары сомду киргизүү үчүн гана добуш беришкен. Акча бирдиги бир апта өткөндөн кийин 10-майда – дүйшөмбү күнү таңкы саат төрттө жүгүртүүгө чыгарылган. Токтомго КР Комитетинин атайын түзүлгөн комиссиясынын төрагасы, ошол кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышев кол койгон. Жума – 14-май рублдин Кыргызстан аймагында мыйзамдуу жүрүшүнүн акыркы күнү болду. Расмий белгиленген алмаштыруу курсу 1 сом=200 рубль эле. 


УЛУТТУК ВАЛЮТАНЫН АЛГАЧКЫ КАДАМДАРЫ

Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев валютаны киргизүү зарылдыгын мындайча түшүндүргөн.

“12-майда Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга ири өлчөмдө акчалай насыя берүү маселесин чечмек. Мунун оң жакка чечилиши улуттук валютаны киргизгенден кийин гана мүмкүн болмок. Беделдүү эл аралык каржы уюмунун шарты ушундай”.

Эксперттер улуттук валютанын мынтип өтө шашылыш киргизилиши аябай көп оорчулуктарды жаратат деп болжошкон: сом алыскы райондорго убагында жетпейт, алмаштыруу жайларынын системасы түзүлбөйт, демек, рублди сомго алмаштыруу жолго коюлбайт. Мындан сырткары мамлекеттик эмес рынокто сомдун рублга карата төмөнүрөөк курсу аныкталат деген тобокелдик бар эле. Калк үчүн бул ансыз да аз кирешенин дагы төмөндөшүн түшүндүргөн. Бирок өкмөт бул көйгөйлөрдүн баары эске алынган деп ишендирди.

Кантсе да турмуш өз эрежелерин киргизди. Ошол кездеги ММКлар буларды жазышкан:

“Редакцияга келген кайрылууларга караганда, көпчүлүк шаардыктар, биринчи кезекте мугалимдер, дарыгерлер ушул кезге чейин рублди сомго алмаштыра алышкан жок. Бирок алар акчаны айтылган мөөнөт – 14-майга чейин тапшырышкан. Жума күнү банктар мекеме-ишканалардан рублдерди чогултуп кетип, жаңы валютага алмаштырууга үлгүрбөй калышты. Дем алыш күндөрү улуттук валютасыз калган миңдеген шаардыктар жол акы төлөп же азык-түлүк ала алган жок. Алмаштыруу жайлары кайда жайгашканын көргөн жан аз. А бирок “көмүскө рыноктун” өкүлдөрү иштеп жатты. Накталай акча тартыш болуп турганда сом сааттан саатка кымбаттап жатты.”

 

ТАРЫХТА КАЛГАН ОКУЯЛАР

1998-жылдын 27-майында сомдун беш жылдыгына карата эл аралык конференция өттү. Аскар Акаев сомду киргизүү стратегиялык жактан туура чечим болгонун белгиледи.

– Өткөн беш жылда макроэкономикалык абал биздин ниетибизге жараша өнүктү. 1997-жылы экономикалык реформалардын биринчи этабы бүттү. Анын эң башкы жетишкендиги – каатчылыкты ооздуктап, туруктуу өнүгүүгө өтүү. Бүгүн туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн бардык макроэкономикалык негиздерибиз бар.

Сомго 10 жыл толгондо, аны бекемдөөгө 280 млн доллар кеткенин каржы адистери белгилешкен. Бул улуттук валютанын туруктуулугун камсыздап, өткөөл доордун адамдарга карата кыйынчылыктарын азайткан.


Сомду киргизип жаткандагы курс (4 сом=1 доллар) бир айдан кийин 8:1ди түзүп калды. Курс 11:1 тегерегинде кармалган салыштырмалуу турукташуунун эки жылынан кийин, тагыраагы, 1996-жылдын аягында сомдун куну түштү – 17:1. 1998-жылдын аягында, кийин 1999-жылдын ортосунда сом кыйроого учурады – 29:1 жана 47:1. Сомдун көкөлөгөн учурлары деле болду. Мисалы, 2000-жылдын аягында 1 доллар 50 сомго жетип, кыска убакта андан да ашып кеткен учур болду. Ушундай кийин доллар арзандап отуруп, 2008-жылдын мартында 1 доллар 36,5 сомго чейин түштү. Азыр курс 68,9 сомду түзөт.


Өткөн 25 жылда сомдун курсу катуу өзгөргөн менен кыргыз валютасы – Борбор Азия аймагында эң туруктуулардын бири. КРнын Улуттук банкы курч, туруктуу валюталык интервенциялардын жардамында кармап турат. Бардык эле эксперттер мындай кадам жакшы деп эсептебейт. Алардын пикириринде, бул Кыргызстандын товарларынын сырткы рынокто атаандаштык жарата алуусуна таасир этет. Анан да кыргыз сому аябай кооз. Өзүңүз байкап көрүңүз.

1-СЕРИЯ. 1993

Тыйындардын бет жагында күн нурларынын алдында учуп бара жаткан бүркүттүн сүрөтү, мамлекеттин аты жана канча тыйын экени жазылган, арткы бетинде күн нуруна оролгон түндүк, мамлекеттик аталышы жана канча тыйын экени жазылган.

2017-05-10_14-01-39_352801.gif

Сомдордун бет жагында ат үстүндөгү Манастын сүрөтү, эмиссиялык банктын кыскача аты, номинал жана КР Улуттук банкынын төрагасынын колу. Арт жагында Манастын күмбөзү, банктын аты жана номинал. Акчада кайсы жылы чыгарылганы көрсөтүлгөн эмес. Суу белгиси – бүт банкнотага түшүрүлгөн бүркүттөрдүн сүрөтү жана козу карынга окшош оюу-чийүү. Банкноталардын дизайнын Дмитрий Лысогоров менен Анатолий Цыган иштеп чыккан.

2017-05-10_14-02-04_403601.gif

2-СЕРИЯ. 1994-1995

Экинчи сериядагы банкноталардын бет жагында тийиштүү маданий ишмердин сүрөтү жана аты, эмиссиялык банктын кыскача аталышы жана КР Улуттук банкынын төрагасы К.К. Нанаевдин колу. Арт жагында Кыргызстандын ар кандай символдорунун сүрөтү, эмиссиялык банктын кыскача аталышы жана номинал. Мында да чыгарылган жылы жазылган эмес. Бардык банкноталардагы суу белгиси – Токтогул Сатылгановдун портрети. Экинчи сериянын да дизайнын Дмитрий Лысогоров менен Анатолий Цыган иштеп чыккан.

2017-05-10_14-02-56_679669.gif

3-СЕРИЯ. 1997-2005

Үчүнчү сериядагы банкноталардын бет жагында тиешелүү маданий ишмердин аты, жашаган жылдары, эмиссиялык банктын кыскача аталышы, номинал, Улуттук банктын төрагасы У.К.Сарбановдун (1, 50, 100, 200, 500 жана 1000 сом) же М. А. Султановдун колу (5 жана 10 сом), арт жагында Кыргызстандын ар кандай символдорунун сүрөтү, эмиссиялык банктын кыскача аталышы, номинал жана чыгарылган жылы.

2017-05-10_14-03-54_714993.gif

Суу белгиси – банкнотага тартылган инсандын портрети (1-10 сом) же портрет+номинал (20-1000 сом). 1-10 жана 200-1000 сомдуктардын дизайнын А.Цыган, 20-100 сомдуктардыкын М.К.Сагымбаев жасаган.

4-СЕРИЯ. 2009-2016

Төртүнчү сериядагы банкноталардын бет жагында ар кандай маданий ишмерлердин портрети, жашаган жылы, эмиссиялык банктын кыскача аталышы, номинал жана Улуттук банктын төрагасы М.О.Алапаевдин колу, арт жагында пейзаж, эмиссиялык банктын кыскача аталышы, номинал жана чыгарылган жылы.

Суу белгиси – банкнотага түшүрүлгөн инсандын портрети (20-50 сом) же портрет менен номинал -100-5000 сомов. Банкноталардын дизайнын М.К.Сагимбаев (200, 500 жана 1000 сомдуктар К.А.Турумбеков менен биргеликте) иштеп чыккан.

2017-05-10_14-04-12_374740.gif
2016-жылы 200, 500 жана 1000 сомдуктар жаңыланып, дизайнда жана коргоо элементтеринде бир аз өзгөрүү жана Улуттук банктын азыркы төрагасы Т.С.Абдыгуловдун колу менен чыгарылды.

ЭКИ МИҢ СОМ

2017-жылдын 17-ноябрында Улуттук банк 2 миң сомдук чыгарды. Бул эки окуяга – Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 (1991) жана сомдун (1993) 25 жылдыгына арналган. Акча вертикалдуу. Ал нумизматикалык деп эсептелинет, бирок жүгүртүүдө колдонсо да болот.

ТЫЙЫНДАР

Учурда Кыргызстанда 1, 3, 5 жана 10 сомдук тыйындарды активдүү колдонушат. 10 жана 50 тыйын да бар, бирок алар жүгүртүүдө дээрлик кездешпейт. Ошондой эле 1 тыйын да бар, бирок ал топтомдор үчүн гана чыгарылып, жүгүртүүдө жок.

2017-05-10_14-04-27_527327.gif

КООЗ ГАНА ЭМЕС, ИШЕНИМДҮҮ ДА

Кыргыз сомун беделдүү эл аралык сынактарда көрсөтүшөт, ал эң кооз гана эмес, ишенимдүү да валюта. Улуттук валютанын банкноталарында 30дан ашык коргоо элементтери бар. Алардын баары эл аралык стандарттарга ылайык үч деңгээлге бөлүнөт.

Биринчи деңгээл – эл үчүн. Кыргызстандын ар бир жараны 6-7 коргоо элементин билиши керек. Бул коомго жеткиликтүү коргоо элементтери. Аны көрүү үчүн атайын жабдык же өзгөчө шык керек эмес. Бул элементтерди эл оңой эле байкай алгыдай болушу керек.

Буга суу белгиси, коргоо жиби, голограмма, өтмө регистр, жарым тунук боек менен түшүрүлгөн тилке жана 5000 сомдукта SPARK элементи.

Экинчи деңгээлдеги коргоону Улуттук банктын гана эмес, коммерциялык банктардын, супермаркет, мамлекеттик мекемелердин касса кызматкерлери билиши шарт. Бул элементерди көрүү үчүн атайын детектор, лупа керек болот. Ага ультрасыя жана инфракызыл нурда жануу касиетине ээ элементер, микршрифттер, майда оймо-чиймелер кирет.

Үчүнчү деңгээлдегиси болсо Улуттук банктын эксперттери үчүн атайын түшүрүлгөн элементтер.


БАСА:

Кыргызстан үчүн тыйындары Казакстандын тыйын сарайы чыгарат. Акчаны болсо Франция, Улуу Британия жана Мальтада басып чыгарышат.

Сиз колуңузда 5 миң сом кармап турганыңызды көргөндөн сырткары колуңуз менен кармап сезсеңиз болот.

Микрошрифттер тамгалардан гана эмес, жаныбарлардын сүрөттөрүнөн да турат.

Кыргызстандын акчалары күн желенин бардык түсүнө боелгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген