“Кыргыз почтасынан” 380 миң сомду карактоого шектүүлөр кармалды

«Кыргыз почтасынын»  Нарындын  Чаек айылындагы филиалынан  380 миң сомду карактап кеткен  деген айып менен эки адам кармалды.  Бул туралуу Нарын ОИИБнин  басма сөз катчысы Медина Султаналиева  “Ынтымакка” билдирди.

Өткөн жылдын башында  бет капчан белгисиз эки адам  ишкананын кароолчусун ур-токмоко алып, 380мин сомду  тоноп кеткен.  Почтадагы акча жөлөкпул жана пенсияга таратылмак.

Аталган кылмыш боюнча  Жумгал райондук милициясы “каракчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон эле. Окуядан бир жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин ошол эле Чаек айылынын 25 жаштагы тургундары кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: Кабар

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Нарын облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Сыргак Бактыяров  даярдады. 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген