Кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров Михаил Мишустинди келе жаткан Жаңы жылы жана Рождество майрамы менен куттуктады. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, өтүп бара жаткан жыл кыргыз-орус мамилелери үчүн жемиштүү жана эки өлкө үчүн маанилүү окуяларга жана саясий байланыштарга бай жылдардан болду. 

Пикир алышуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.