Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, кытай тараптын демилгеси менен жаңы жылды майрамдоого байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө убактылуу жабык болот.

Аталган көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 4-январынан тарта атайын алгоритм боюнча иштеп баштайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.