Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат

Кытайдагы жаз майрамына карата кыргыз-кытай чек аралары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү бекеттери 2020-жылдын 24-январынан 30-январына чейин жабык болот. Мындай демилгени Кытай тарап сунуштаган.

Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 31-январда жүргүзүлө баштайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген