Кыргыз-кытай чек ара кызматкерлери жолугушту

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү Кытай Улуттук Боштондук Армиясынын Шинжаң уйгур автономиялык району боюнча чек ара өкүлчүлүк аппараты менен жолугушту. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматы билдиргенин “Азаттык” сайты жарыялады.

Анда 2019-жылдагы кыргыз-кытай чек арасын чогуу кайтаруунун жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылга чек ара кайтаруунун планын бекитилди. Жолугушуу «Эркечтам» өткөрмө бекетинин Кытай тарабында “Зымкана” деп аталган жерде өттү.

Тараптар мамлекеттик чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды карап, чек ара аймагын чогуу кайтаруу жана укук бузууларды алдын алууда бирге аракеттенүүнү макулдашты.

2019-жылы эки өлкөнүн чектеш аймагында чек ара режими бузулган үч факты катталган.

Кыргызстанда чек ара маселеси 1990-жылдан бери көйгөйлүү маселе болуп келет. Кытай жана Казакстан менен чек аралары такталып бүткөн. Бирок кыргызстандыктардын нааразычылыктары менен коштолгон. Ал эми Тажикстан, Өзбекстан менен толук аягына чыга элек. Кыргыз-Тажик чек ара сызыгынын узундугу 972 км болсо, анын 330 км азыркы күнгө чейин тактала элек. Ал эми Кыргыз-Өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1370 км., анын 80 пайызы такталып, болгону 217 чакырымы гана калды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген