Кыргыз-кытай чек ара бекеттери убактылуу жабылат

1-октябрда Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттери 7 күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, чек ара бекеттери Кытайдын демилгеси менен 1-октябрдагы «Кытайдын улуттук күнү» (Кытай Эл Республикасы түзүлгөн күн) майрамынын белгиленишине байланыштуу жабылат.

8-октябрдан тарта бекеттер кайра иштей баштайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.