Кыргыз кинотасмасы Лондондогу кинофестивалда гран-приге ээ болду

Лондондогу Евразиялык чыгармачыл гильдиянын эл аралык ECG FILM FESTIVAL кинофестивалында белгилүү кинорежиссёр Таалайбек Кулмендеев тарткан “Мунабия” аттуу кинотасма гран-при сыйлыгын утуп алды. Бул тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасында Евразиялык чыгармачыл гильдиянын консультативдик кеңешинин мүчөсү Азим Акматов жазып чыкты.

Анын айтымында, аталган кинотасманы тартууга даярдыктар 2013-жылда башталган. Тартуу процесси эки жылга созулуп, 2017-жылы аяктаган.

“Мунабиянын” дүйнө өлкөлөрүнүн экрандарындагы жеңиштүү жүрүшү Кореядагы Пусан кинофестивалы менен башталып, бир топ белгилүү киносынчылардын жактыруусуна ээ болгон. Андан кийин Никита Михалков атындагы Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалга катышып, “Мунабия” беш мыкты фильмдин тизмесине кирген. Андан соң тасма Орусиянын Анапа шаарында эл аралык КИНОШОК кинофестивалында гран-при сыйлыгын алган.

Мындан тышкары, Казат Акматовдун сценарийи эң мыкты деп аталып, өзгөчө сыйлык менен белгиленген.

Буга чейин атактуу кинорежиссёр соц. баракчасында жазуучу Казат Акматовду белгилеп, Лондондо ага арналган мемориал тактасы орнотулганын жазып чыккан.

“24-июнда Лондондо жазуучу Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесине карата мемориалдык такта орнотулду. Ошентип, ал Улуу Британияда өз мемориалы менен сыйланган биринчи түрк тилдүү жазуучу болду. Расмий ачылыш программасынын бир бөлүгү ошондой эле жазуучунун ушул эле аталыштагы чыгармасынын негизинде тартылган “Мунабия” кинотасмасы көрсөтүлдү. Лондондо мемориалдын ачылышы Казат Акматовдун мааракесин белгилөө жылынын алкагындагы жалгыз иш-чара эмес экендигин белгилей кетүү керек. Жылдын аягына чейин дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө бир катар шоулар, конференциялар жана башка иш-чаралар өтүп, Казат Акматовго жана анын замандаштарына арналган маркалар сериясын чыгаруу пландаштырылууда”, -деп жазган Таалайбек Кулмендеев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.