Кыргыз-казак эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды

Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин өлкөдөн чыгарыла баштаганы тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.