Кыргыз-казак чек араларын ачуу макулдашылды

Кечээ, 10-июнда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандагы кесиптеши Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Сүйлөшүү учурунда өкмөт башчылар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкууга алышты.

Казак тарап мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоону сунуштап, эки жактуу макулдашууга жетишилди.

Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды эки тараптан колдой тургандыктарын ырасташты.

Жамалдинов: Өкмөт күйүүчү майдын баасын арзандатууга убада берген эле, бирок аткарган жок

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.