Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтүүдө

Садыр Жапаров башында турган Президент Администрациясынын командасы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышууда.

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Жапаров бүгүнкү турнирдин башкы максаттары кыргыз футболунун 100 жылдыгын белгилөө, ошондой эле ардагерлердин оюну аркылуу жаштардын көңүлүн спортко буруу экенин белгиледи. Бул өз кезегинде өлкөдөгү спортту өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга салым болот.

Футболдук турнирде 6 команда ойноодо: Президенттин Администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.