Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды – некролог

Бүгүн, 16-февралда Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, дүйнөлүк чыгаан актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21- сентябрында Ысык-Көл  районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.  Фрунзедеги №5- орто мектепти аяктап, Ленинграддагы Полиграфиялык институтка тапшырат.

Табиятынан берилген шык талант аны искусствого кайрып келет. Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат.

Келечектүү актрисанын таланты 1958-жылы тартылган “Алыскы тоолордо” көркөм тасмасында ролун аткаруу менен кеңири таанылган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыбай эмгек кылуунун үлгүсүн жаратты.

Театрда аткарган негизги ролдору:

  • Жамал (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»)

 

  • Алиман (Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу»)

 

  • Сейде (Ч.Айтматов, «Бетме-бет»)

 

  • Шайыргүл (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»)

 

  • Айганыш (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»)

 

  • Нази (М.Байжиев, “Төр адам”)

 

  • Катарина, (У. Шекспир, «Азоого чалма»)

 

  • Эркайым (Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат»)

 

  • Агафья Тихонова (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»)

 

  • Шафак (М. Карим, «Ай тутулган түндө»)

 

  • Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»)

 

  • Күлсүн (М.Байжиев, “Кыз-Күйөө”)

 

  • Дездемона (У. Шекспир, «Отелло»)

 

  • Алмагүл (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»)

 

  • Эльпи (К.Мамбетакунов, “Омор Хаямдын махабаты”)

 

  • Зейнеп (Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”)

 

  • Каныкей (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей»)

 

  • Салыя (К. Акматов), «Ажырашуу түнү»)

 

  • Жайдар (Ч.Айтматов, Жаныбарым, Гүлсары)

 

  • Найман эне (Ч.Айтматов, “Кылым карытаар күн”)

 

  • Тангабике (Мустай Карим, “Ай тутулган түндө”)

 

  • Мунабия (К. Акматов, Ж.Кулмамбетов «Мунабия»)

 

  • Көзү ачык кемпир ( Ж.Кулмамбетов, “Чыңгыз хандын купуя сыры”)

 

  • Ханыша (С.Раев, «Ханышанын көз жашы») ж.б.

 

Кинодогу ролдору:

  • Зиягүл («Алыскы тоолордо»)

 

  • Хатша («Караш-Караш окуясы»)

 

  • Жамал («Ташка баткан элестер»)

 

  • Фатима («Улан»)

 

  • Бегайым («Ак илбирстин тукуму»)

 

  • Шайыргүл («Кара кийикке жол») ж.б.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.