Кыргыз эл артисти Назира Мамбетова эл аралык сыйлыкка татыды

Кыргыз эл артисти Назира Мамбетовага эл аралык Экономикалык кызматташтык уюмунун сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырды.

Азамат Жаманкулов мындай эл аралык сыйлыкты Назира Мамбетованын алышы жалпы маданият тармагы үчүн сыймык экендигин белгилеп, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы түзүлгөн жана Аймактык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун мураскери болуп саналат. ЭКУ 1977-жылдын мартында үч уюштуруучу өлкө – Иран, Пакистан Ислам жана Түркия тарабынан кол коюлган Уставдын – Измир келишиминин негизинде иш алып барат.

Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынан “Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу” номинациясы боюнча бир катар өнөр адамдары сунушталып, анын арасынан Мамбетова Назира Исмаиловнанын талапкерлиги жактырылган.

«Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу» номинациясы боюнча Назира Мамбетова Экономикалык кызматташтык уюмунун медалы жана 5 миң доллар акчалай сыйлыгы менен сыйланды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.