Кылыч Саркарбаев убактылуу жумуштан кетти

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев өз каалоосу менен убактылуу кызматынан кетти. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазып чыкты. 

Анда ал азыркы убакта ага болуп жаткан каралоодон улам шаар мэрине арыз жазганын, аны Таалайбек Сарыбашев колдогонун айткан.

Белгилей кетсек, Кылыч Саркарбаев Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалыгына  2015-жылы келген. Ага чейин аталган кызматты “Бир-Бол” фракциясынын азыркы депутаты Дүйшөн Төрөкулов аркалаган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген