Кылмыш: Ош облусунда 6 кг 942 грамм салмактагы баңгизат сактаган жаран кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы(БМЖККК) салмагы 935 граммды түзгөн “гашиш” баңгизатын алып жүргөн 48 жаштагы жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу БМЖКККнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган кызматтын өкүлдөрү ири өлчөмдөгү баңгизатын сатып өткөрүү менен алектенгендерди аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында операция жүргүзүшкөн. Натыйжада, Ош облусу жана Ош шаары боюнча кызматкерлер калаанын Кулатов кичи районунан унаада жашырылган «гашиш» баңгизатын табышкан.

Мындан улам, башкармалыктын кызматкерлери баңгизатты сатуучунун изине түшүп, 48 жаштагы  М.у.Б. аттуу жарандын Кара-Суу районундагы үйүн тинтүүгө алышкан. Кызматтык иттердин жардамынын натыйжасында, шектүүнүн короосунан 2 кг 019 грамм «героин», 3 кг 972 грамм «гашиш» жана 16 грамм «марихуана» баңгизаттары табылган.

Кармалган жаран бир нече жолу соттолгондугу, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тураары маалым болду. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.