Кылмыш: Ноокаттын 31 жаштагы тургуну өз атасын кетмен менен башка чаап, муунтуп өлтүрдү

Ош облусунун Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну өз үйүндө атасын башына кетмен менен чаап өлтүргөндүгүн Ош облусттук ички иштер башкармалыгы(Ош ИИБ) маалымдады.

30-ноябрь күнү Ноокат РИИБине билдирүү түшүп, окуя болгон жерге барган кызматкерлер 31 жаштагы У.Ж. 63 жаштагы атасын кетмен менен башына уруп, моюнунан мал байлачу жип менен муунтуп өлтүрүп салгандыгын аныкташкан.

“Райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кароо иштери жүргүзулгөндөн кийин, окуя боюнча Жазык Кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө башталды”,-деп билдирет Ош ИИБнин басма сөз кызматы.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ата-энеси менен жашап жүргөндүгү, 5 бир туугандын төртүнчүсү экендиги жана 15 жашынан бери психикалык оору менен ооруп, Ош облустук ден-соолукту чыңдоо борборунда каттоого алынгандыгы аныкталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.