Кылмыш: Кара-Сууда ата-баланын 100 миң долларын алып качкан тоноочулар изделүүдө

Ош облусунун Савай айыл аймагындагы Кызыл-Шарк айылында жашаган ата-бала белгисиз адамдар тарабынан тонолгону боюнча милицияга арыз жазышты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жерине барган ыкчам топ төмөнкүлөрдү аныкташкан.

“Окуя 26-декабрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун Савай айыл аймагына караштуу Кызыл-Шарк айылында болгон. Анда кара түстөгү бет кап кийген белгисиз 3 адам кара түстөгү SsangYong Musso үлгүсүндөгү унаасы менен карама-каршы келе жаткан унаанын алды тарабынан сүзүп токтоткон. 24 жаштагы жаранды бутуна атып, унаадагы 100 миң доллар акчасын карактап, аларды күтүп турган кызыл түстөгү ДЭУ-Нексия үлгүсүндөгү унаага отуруп окуя болгон жерден из жашырып качып кетишкен. Окуя болгон жерди кароодо ок атуучу куралдын гилзалары табылган”,- деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде окуя болгон жерден изин жашырып кеткен ДЭУ-Нексия үлгүсүндөгү унаасы Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылынын Жаңы-Чек участкасынан табылган. Учурда кылмышкерлерди издөө иштери жүрүп жатат.

 

Иллюстрациялык сүрөт колдонулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.