Кыйноолордун 90%ы милицияда катталат. ИИМ көйгөйдү кантип чечкени жатат?

Бишкек шаарында “Зомбулуктун жана кыйноолордун курмандыктарынын мыйзамдуу кызыкчылыгын жана укуктарын коргоо” деген аталыштагы эл аралык конференция болуп өттү. Анда иш- чаранын катышуучулары абактардагы адам укуктарынын бузулушуна тынчсызданып, тиешелүү кызматкерлердин иштерин сынга алышты. Конференциянын жүрүшүндө укук коргоо органдары  учурда кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, айрымдары кызматынан алынып,  жазага тыртылып жаткандыгын маалымдады.

Башкы прокуратура жүргүзгөн  изилдөөгө ылайык, кыйноолордун 90%дан ашыгы Ички иштер министрлигинин, 2%ы жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери тарабынан колдонулат. 2017-жылдын жыйынтыгы менен  кыйноолор боюнча 43 кылмыш иши козголуп, 96 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылат. Анын ичинен 26 кылмыш иши милициялардын үстүнөн козголуп, 57 кызматкер соттолгон.  Жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүдө министрлик эксперттердин жана коомчулуктун колдоосуна муктаж.

Адамгерчиликкке жатпаган кыйноолор боюнча 2016-жылы 435 факты катталса, өткөн жылы 418ди түзгөн. Укук коргоочулардын билдирүүсүндө зордук- зомбулук жыл сайын кыскарып  жатат. Ал эми эл өкүлү Ирина  Карамушкина  ички иштер тармагынын иши атын өзгөрткөндөн эле натыйжа бербестигин айтып,  күнөөсүз адамдарды  камакка алуу менен жогорку чин алып жаткан кызматкерлерди сынга алды.

“Кылмыш ишин ачкан кызматкерлердин офицердик чини жогорулай тургандыгы  жөнүндө мен жакында эле билип, аябай таң калдым.  Алар  адамдык касиеттен тышкары кыйноо ыкмаларды колдонуп, кээде күнөөсүздөрдү камап жатышат. Эч качан адамдын тагдыры менен ойнобош керек. Мындай терс көрүнүштөр министрликтин аброюн төмөндөтүп, реформага муктаж экендигин далилдеп тура”,- деди депутат.

Талдоочулардын баамында, Кыргызстанда  зордук- зомбулуктун катаал түрлөрү бар. Анткени,  милиция кылмыштын бетин ачуу үчүн ар түрдүү адам чыдагыс  кыйноо ыкмаларын колдонуп келген. Министрликтин демилгеси менен өткөрүлгөн жыйын  бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө болоорун жарандык коом  өкүлдөрү айтышат.

“Бүгүнкү чогулуштан кийин абакта жаткандарды кыйноо таптакыр жок болуп кетпесе дагы азаят деп үмүт кылам”,- дейт укук коргоочу Азиза Абдрасулова.

Абактардагы зордук-зомбулуктардын алдын алуу үчүн жакын арада ички иштер кызматкерлери тергөөнү эл аралык стандартта жүргүзүү  боюнча атайын окуудан өтөт.  Мындан тышкары президенттин адам укуктарын коргоо боюнча билдирүүсү  министрликтин  жоопкерчилигин күчөттү.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген