Куудул Рахман Разыков каза болду

Белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу анын шакирти Эрнис Бөрүбаев “Фейсбук” баракчасына жазды.

Куудулдун буга чейин пневмония оорусуна чалдыкканы айтылып жаткан.

Маркум, 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн. Кичинекей кезинде 3 мектеп которгон. 10-классына чейин аккордеондо ойноону үйрөнгөн. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, “Таң жылдызы” деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир” топторун түзгөн.

“Ынтымактын” жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.