Кутурмадан каза болгон баланын туугандары текшерилди

Ош шаарында окуп жатып, кутурмадан каза болгон 19 жаштагы студенттин  үй-бүлөсү текшерилди. Ал  Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну болгон. Окуядан кийин анын үй-бүлөсү текшерилип, алдын алуу иш чаралары жүрүүдө. Бул тууралуу “Ынтымакка”  Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Нурлан Орозалиев билдирди.

Анын айтымында жакындарында илдеттин белгилери байкалган эмес. Учурда Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан мектептерде жана үйлөрдө түшүндүрүү иштери журүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусунда кутурмадан каза болгон эки факт катталган.  Алар ит тиштеген учурда ооруканага убаганда кайрылбагандан улам көз жумушкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген