Куш боо бек болсун! Көчмөндөр оюндарында чыныгы үлпөт той өттү

Көчмөндөр оюндарынын алкагында  бүгүн, 4-сентябрда  Союзбек Надырбеков менен Айжаркын Абдилазим кызынын  үйлөнүү тою өткөрүлдү. Улуттук каада-салт коштогон жеке майрам жалпы оюн-зооктордун катарында бааланып, балким жеңүүчү табылып калышы мүмкүн.

Союзбек менен Айжаркындын жакындары Кырчынга он күн мурда келип, тойго даярдыкты баштаган. Бүгүн  эки жаш тууган-уруктун гана эмес, жалпы элдин батасын алды.

Союзбек өзү ДКО катчылыгында иштейт. Тойду Кырчында өткөрүүнү уюштуруучулар сунуштаган. Баары өзгөчө болоруна ынанган соң, ал 5 жылдан бери сүйлөшкөн кызы Айжаркындын оюн билет. Идея келинге дароо эле жаккан.

Улуттук каада менен ири иш чаранын алкагында, чет элдик коноктордун катышуусунда өтүп жаткан өзгөчө той эки жашка сыймык тартуулады.

6-сентябрда жети облус тарабынан сахналаштырылган тарыхый доорлор бааланат. Аны менен кошо Союзбек менен Айжаркындын үйлөнүү тою дагы сындан өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген