Куршаб-Кочкор-Ата унаа жолуна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди

Куршаб – Кочкор-Ата унаа жолунун 1,2 км жерине асфальт-бетон төшөлүп, пайдаланууга берилди. Ага ЖКнын вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Сагындык Келдибаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аталган аймактардын жашоочулары катышышты.


Жаңы асфальттуу болгон жол республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

“Аймактардагы айылдар арасындагы жолдорго көңүл бурулбай келген. Президенттин 2019-жылы ар бир райондордо 3 км ден кем эмес жолуна асфальт төшөө жөнүндөгү демилгесинен кийин бир топ айылдардын жолдоруна жаңы асфальт төшөлдү. Жолдорду жакшыртып, элдин каттоосуна жеңилдиктерди түзүү мындан ары да улана бермекчи. Бул бүгүнкү күндүн эң приоритеттүү багыттарынын бири”, – деди Аида Касымалиева.

Ал эми эл өкүлү Сагындык Келдибаев жолдун калган бөлүгүнө да алфальт төшөө үчүн аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

“Бул кезге чейин Куршаб-Сеңир-Кочкор-Ата унаа жолу Кызыл-Сеңир айылына чейин гана асфальт төшөлгөн эле. Быйылкы жылы ал уланып, Кызыл-Сеңирден Сеңир айылына жетти. Мындар ары да акырындык менен Кочкор-Ата айылына чейин асфальт төшөөгө аракет кылабыз”, – деди Келдибаев.

Куршаб-Сеңир-Кочкор-Ата унаа жолу үчүн республикалык бюджеттен 6 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.