Курман айт – мусулмандардын берекелүү майрамы

Курман айт – Бул Жараткандын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалган, Орозо айттан кийинки мусулмандардын негизги майрамы. Ал Зуль-Хиджа (мусулман календары боюнча) айынын онунчу күнүнѳн он үчүнчү күнүнѳ чейин белгиленет.

Курман айт – ислам ыйыктарына зыярат кылган, ажылык кылуу менен жыйынтыкталат.

Курман айт майрамынын тарыхы, Аллах Ибрахим пайгамбардын (инжилде Авраам) ишенимин сыноо максатында кылган чечими менен түздѳн-түз байланышта. Кудуреттүү Аллах анын түшүнѳ кирип, жалгыз уулу Ысмайылды курмандыкка чалууну буюрат. Бирок кечиримдүү жана ырайымдуу Аллах анын бычагын мокок кылып, мууздай албай коёт. Ошол учурда Жебрейил периште Ибрахим пайгамбарга козуну асмандан түшүрѳт. Ошол окуядан кийин, Ибрахим пайгамбар Халил (Аллахтын досу) деген ысымга ээ болот.

Мусулмандар Курман айтты майрамдоо менен бирге, ѳз дининин башатына кайрылып, анын ырым-жырымдарын аткаруу, жалгыз Аллахка болгон терең ишеними менен байланыштырат.

Майрамдын мааниси, адам канын тѳгүүгѳ укук берилбегендигинде. Ал бүгүнкү күндѳ ѳтѳ актуалдуу. Анткени, исламды ырайымсыз жана кан тѳгүүгѳ умтулган дин катары күнѳѳлѳѳгѳ аракет кылып келишет.

Курман айт – бул адамзат тарыхындагы гумандуулуктун жана монотеизмдин (бир гана кудайга сыйынуучулук) улуу майрамы. Жараткандын адам баласына калтырган түбѳлүктүү осуяты жѳнүндѳ унутпаш үчүн, бул күнү жандык малды курмандыкка чалуу керек. Анткени, Ибрахим Кудайдан ал жѳнүндѳ чыныгы илим алып, Аллах тартуулаган козуну курмандыкка чалган. Бул кандайдыр-бир сыйкырдуу үрп-адат эмес. Аллах эч нерсеге муктаж эмес. Болгону, күнѳѳнүн кесепеттери жана ишенимдин сакталышы жѳнүндѳгү эскертүү болуп саналат.

Булак: "Умма" ислам журналы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.