Кумтөрдүн эсебинен Тоң районунда бала бакча курулат

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Ак-Өлөң айылында 100 орундуу бала бакча курулат. “Кумтөр” долбоору боюнча салымдардын эсебинен түзүлгөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду курулушка 43 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда билдирилгендей, буга чейин жаңы бала бакчанын пайдубалын түптөө жана капсуласын салуу аземи болуп өткөн. Иш-чарага фонддун директору Самат Медеров, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Ак-Өлөң айылында буга чейин бала бакча болгон эмес. Жаңы бала бакчада балдарга татыктуу билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлөт, деп кошумчалады фонд.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.