Кумтөрдө алтын ылгоочу фабриканы модернизациялоо иштери башталды

“Кумтөр Голд Компаниде” алтын ылгоочу фабриканы модернизациялоо долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, аталган фабрика 1996-жылдан бери иштеп келет. Андан бери компания “жабдууларды сактоо жана алардын пландык ремонту менен гана алектенген”.

“Адистер алтын ылгоочу фабрикада боло турган өзгөрүүлөрдү мини технологиялык төңкөрүш деп атап жатышат… Жакында ишканада технологиялык процесске жумушчулардан тышкары жасалма акыл да көзөмөл жүргүзө баштайт. Акыркы программалык камсыздоо оператордун иш-аракеттерине түзөтүү киргизүү керек болсо айтып көрсөтүп турат. Тарыхый маалыматтарды изилдөөнүн негизинде, программа фабриканын мыкты көрсөткүчтөрүн аныктайт, андан кийин бул маалымат өндүрүштүк циклдин ар бир тилкесинде алтын чыгарууну жогорулатуу максатында колдонулат. Жыйынтыгында алтынды рудадан ылгап алуу пайызы кыйла жогорулайт”, — деп жазылган билдирүүдө.

“Кумтөр Голд Компани” модернизациялоонун максаты жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишүүдөн тышкары айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу экенин да белгилөөдө.

“Компания ошондой эле жумушчулардын өнүгүүсүн каржылайт. Алтын ылгоочу фабриканын бир нече адистер тобу адистиктерин жогорулатуу курстарын Казахстанда өтүп келишти, жакында Москвага барышат”, — деп жазылган билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.