Кумтөр кенинде болгон кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча штаб түзүлдү

Кумтөр кенинде болгон кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана жоголгон эки кызматкерди издөө боюнча атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык табылбай жаткан эки кызматкерди издөө-куткаруу боюнча кендеги тийиштүү адистер менен биргеликте иш жүрүүдө. ӨКМден 64, аталган ишканадан 28 куткаруучу болуп, жалпысынан 92 куткаруучу тартылган.

Кендеги кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн штабка Кыргызстандын тармактык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирди.

Куткаруучулар түнү дагы издөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы маалымдалды.

Кумтөр кенинде жоголгондорду издөө иштери уланууда

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген