Кулатуу–эр таймаш боюнча борбордо Азия чемпионаты өтөт

2-3-4 ноябрь күндөрү кулатуу эр таймаш (ММА) спорту боюнча  Бишкек шаарында Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу маалымат WEF федерациясынын Instagram баракчасына жарыяланган.

Мелдеш борбордогу “Газпром” спорт комплексинде өтөт.

“ Мелдеш “Азия спорту -терроризмге жана баңгизатка каршы” урааны алдында өткөрүлөт. Ага спорт сүйүүчүлөр жана профессионалдар катыша алат”-деп айтылат маалыматта.

Былтыр Азия чемпионаты Казакстанда болгон. Быйыл Кыргызстанда өтсө, кийинки жылы Тажикстанда өткөрүү пландалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген