Кудайдан “мөөр” алып, аялдардын “бактысын ачкан” шылуун кармалды

“Төрөлгөндө кудайдын мөөрү менен туулганмын” деп денесиндеги татуировканы көрсөтүп, өзүн “Айчүрөк”, “Рахат” деп тааныштырган шылуун аялды Ош шаардык ИИБинин кызматкерлери Бишкек шаарынан кармап келди. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

56 жаштагы алдамчылыкка шектелип жаткан жаран аялдардан бактыңарды ачып берем деп алдап акча, кымбат баалуу буюмдарды алып келген. Учурда анын үстүнөн Ош шаарынын өзүнөн эле 11 аял арыз жазган. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жабырлануучулар өлкөнүн башка аймактарында да болушу мүмкүн.
“Арыздануучулардын арыздарына карап элибиздин арасынан ушунчалык ишенчээктердин бар экенине  таң каласың. Жабырлануучулардын эң азы 10 миң, эң көбү 300 миңге чейин «бактысын ачүү үчүн» акча берген. Алардын көпчүлүгү аял кишилер. Алардын бири өз атынан банктан насыя алып, акчаны толугу менен шектүүгө берген. Эң өкүнүчтүүсү айрым аялдарга «күйөөңдүн ойношу бар экен, акча алып келсең-жоготуп беремин» же болбосо «сени бирөөлөр бактыңды байланыптыр, үйүңө окутулган буюм таштаптыр» деп, ири суммадагы акчаларын алып турган. Кардары канчалык бай болсо-ойлоп тапкан оорусу ошончолук оор болуп турган. Дагы бир жабырлануучу кой союп алып келип бергендиги тууралуу маалымат берүүдө”,-дейт башкармалыктын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков.
 «Бактысын байлоо үчүн» окутулган буюмдар кээде жардам сурап келген кардарынын үйүнөн чыгып турган учурлары дагы болгон. Аны шектүүнүн дайындаган адамдары алдын ала кардардын үйүнө таштап кеткендиги териштирүүдөн кийин ачыкка чыкты.
Учурда алдамчылыкка шектүү аял Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын буга чейин дагы алдамчылык беренеси менен соттолгону белгилүү болду. Эртең, 20-июнда Ош шаардык соту баш коргоо чарасын караары күтүлүүдө.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмү кимде-ким бул аялдан жабыр тарткан болсо аталган бөлүмгө 0709-09-40-00, 0559-211-222 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген