ОшМУга жаңы ректор шайланды

Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп шайланды. Ал 1532 добуш алган. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган окуу жайдан билдиришти.

Талапкерлерди каттоо 24-октябрда аяктап, 4-ноябрга чейин үгүт иштери жүргөн. Бүгүн, 5-ноябрда университеттин башкы имаратында шайлоо болуп өттү.

Ага 4 талапкер катышып, талапкерлерге 1594 окутуучу добуш берген. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны 1737 болгон.

Кудайберди Кожобеков 44 жашта. 2017-2019-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп иштеген. Каныбек Исаков кеткенден кийин ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.

ОшМУда ректорлук шайлоо жүрүп жатат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.