Кубатбек Боронов “Манас” аэропортунда чет жерден келгендер кантип текшерилип жаткандыгына байкоо жүргүздү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барып, сырттан келген кыргызстандыктарды медициналык кароодон өткөрүү ишин текшерди.

Боронов Түркиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүү ишине байкоо салып, келген жарандар эки ирет текшерүүдөн өтүп жаткандыгына күбө болду.

«Учурда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында бир катар чаралар көрүлүп жатат. Учурда тармактык мамлекеттик органдар текшерүү жол-жобосун оптималдаштыруу боюнча иш- аракеттерди жүргүзүп жатат», – деди Кубатбек Боронов.

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр обсервациялык жайдын иши менен таанышты. Карантинге алынган аймакты Саламаттык сактоо министрлигинин, ӨКМдин жана ИИМдин кызматкерлери тейлейт.

ӨКМдин билидиришинче, карантинге алынган аймак байма-бай дезинфекцияланып, обсервациялык жайдан чыккан буюмдар медициналык калдык катары утилизацияланууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов карантинге алынган аймакты тейлей турган кызматкерлер коопсуздук чараларын катуу сакташы керектигин эскертип, аларды коргоочу кийимдер жана атайын каражаттар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча тапшырма берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген