Криштиану Роналду “Алтын топту” жеңип алды

Португалия футбол курамасынын жана “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду бешинчи ирет “Алтын топту” утуп алды. Бул тууралуу аталган сыйлыкты ыйгарган France Football журналы социалдык баракчасына жазды.

“Алтын топ” сыйлыгы жыл сайын дүйнөнүн эң мыкты футболчусу аталган спортчуга ыйгарылып келет. “2017-жылдын мыкты футболчусу” наамына жалпысынан 30 оюнчу ат салышкан.

Роналду Испания чемпиондугунун 2016-2017-жылкы сезондорунда чемпион, Чемпиондор Лигасында жана дүйнөлүк клубдар чемпиондугунда жеңүүчү, ошондой эле УЕФА жана Испания Суперкубогунун ээси болуп табылган. Криштиану Чемпиондор Лигасында жалпы 13 оюндун ичинен 12 жолу гол киргизип, мыкты аталган. Буга чейин ал ушул эле жылы Эл аралык футбол федерациясы чыгарган жыйынтык боюнча УЕФАнын версиясы менен “Мыкты футболчу” деген наамды алган.

“Алтын топту” Роналду бешинчи ирет жеңиши. Ал буга чейин бул сыйлыкты 2008, 2013, 2014, 2016-жылдары жеңген. Муну менен ал “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Мессинин алган “Алтын топторунун” санына жетти. Месси бул сыйлыкты 2009, 2010, 2011, 2012, 2015-жылдары багындырган.

France Football “Алтын топ” сыйлыгын мыкты футболчуларга 1956-жылдан бери ыйгарып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.