Кредит “сазы”: Кыргызстанда ар бир экинчи насыя керектөөгө алынат

Кыргызстанда аймактарда кредит алган адамдардын саны көп, бирок насыянын жалпы көлөмүн чоң шаарлар менен салыштырып болбойт. Мисалы, эң көп кредит алган Нарын облусунун банктарга болгон жалпы бересеcи Бишкектен он эсе аз.

Өлкөдөгү обулстардын ичинде Нарында эң көп кредит алышкан.  Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлөт. Ага ылайык, 2017-жылы Нарын облусунда калктын (18-65 жаш) 17 пайызы банктардан насыя алган. Бул ар бир бешинчи нарындыктын мойнунда кредит бар деген сөз. Банкка бересе болгон тургундардын саны боюнча Нарындан кийин эле Ысык-Көл жана Ош облустары турат.

Комитеттин маалыматына караганда, өлкөнүн эң жакыр аймагы катары эсептелген Баткен облусунда калктын 7 пайызы гана кредит алган. Ал эми кредит алган адамдардын саны эң аз делген үчтүккө Жалал-Абад, Талас облустары жана Ош шаары кирген.

Аймактардын кредит алуучулардын саны боюнча рейтинги насыянан жалпы көлөмүн караганда таптакыр өзгөрүп кетет. Мисалы, ошол эле Нарын насыянын жалпы көлөмү боюнча эң акыркы орунда. Ар бир нарындыкка 484 миң сомдон туура келсе, ар бир бишкектикке 4 млн 759 миң сомдон тиет.

Гүлипа Жусубалиева көп жылдар бою соода менен алек болгон. Ал 500 миң сом кредит алып, айына 30 миң сомдон үстөк пайызын төлөгөн.

“Алган кредитти соодага, жарымын үйдү кеңейтүүгө жумшадым. Анткени ошол учурда жаңы үйлүү болуп, аны кеңейттим. Кийин соодам жакшы жүрбөй калгандыктан, насыяны төлөй албай калдым. Банк болсо  кредитти убагында төлөшүмдү талап кылды”, – дейт Гүлипа Жусубалиева.

Гүлипа Жусубалиева, Ош шаарынын тургуну

 

Гүлипа эже насыяны жылдык үстөгү 26% менен 2 жылга алган. Биринчисин жапканга кудурети жетпей калганда экинчи банктан, анан үчүнчүсүнөн кредити алып, акырында беш бөлмөлүү үйүнөн ажырады.

Кыргызстанда Гулипа Жусубалиевага окшоп кредитти дурустап иштете албай, кыймылсыз мүлкүнөн ажырагандар, мунун айынан суицидге баргандар да табылат.

Кредит алуучулардын укугун коргоо комитети өлкөдө насыя алган адамдардын саны өтө тез көбөйүп жатканын айтып, жакында банктарда насыя берчү адам калбайт деп коңгуроо кагат.

“Көпчүлүгү кредитти айлантууга акчасы жетпегендиги үчүн алышат. Аны рационалдуу пайдалануу жагын  билишпейт. Бул финансылык сабаттуулуктун жоктугу деп ойлойм. Кредит алардын алдында банктардан, уюмдардан жакшылап түшүндүрмө алып, андан кийин гана алса туура болот. Анын кайтарымы да жакшы болмок,” – дейт экономикалык серепчи Эркин Абдразаков.

Калкты насыялоодогу ушундай көйгөйлөргө карабай, жакшы эмес тенденция улам күч алып барат – кредитти керектөө максатына алгандардын саны акыркы эки жылда абдан тез өстү.

2017-жылы кыргызстандыктар кредиттин дээрлик жарымын керектөөгө жумшоо үчүн алышкан. 2016-жылга чейин насыянын басымдуусу айыл чарбасына деп берилген.

Банк кызматкерлеринин айтымында, керектөөгө алынган кредит максаттуу колдонулбайт, негизинен той-аштарга жана күнүмдүк керектөөгө жумшалат.

“Мага тойго акча керек деп ачыгын айтып келишет. Анан банктар керектөө тармагы аркылуу кредиттерди берет. Банктардын кызматкерлери сөзсүз түрдө ошол кардардын төлөө мүмкүнчүлүгүн карайт – кантип кутулат, кирешеси барбы деген жагдайларды текшерет , – дейт Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Чынгыз Исмаев.

Улуттук банктын маалыматына караганда, насыя алуучулардын жарымынан көбү, тагыраак айтканда, 52 пайызы 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөттү көрсөтүшкөн. Серепчинин пикиринде, көп жарандар бизнес кылууну түшүнбөгөндүктөн, акчаны иштетүүнү туура пландаштырышпайт.

 “Адамдар 1 жылдан 3 жылга чейин кредит алгандын себеби – көпчүлүгү өздөрү түшүнүшпөй, мамлекет өзү таңуулаган кредитти алып коюшууда. Мисалы, айыл чарбасына алса, дыйканчылык өзүн акташы мүмкүн. Эгин эгип, анын түшүмүн күздө кайра сатып төлөсө болот. Ал деле жакшы эмес, себеби сырье катарында эле кайра сатып жиберишүүдө. Ал эми мал чарбасы өзүн толук актабайт. Себеби, жакшы мал жандык алып, аны күзүндө кайра сатса, өзүн актабайт. Ал толук кандуу сүт багытында же эт багытында болобу, жок дегенде, 3 жылдан 5 жылга чейин быгып, андан кийин сатса гана пайда болот. Ушул жагынан алганда, көбүнчө бизнес планды туура эмес түзүшүп, айыл чарбасына, 1-3 жыл деген туура эмес. Дыйканчылыкка кредит алса болот. Бирок мал чарбачылыгында ал өзүн актабайт”, – дейт Эркин Абдразаков.

Мыйзамга ылайык, бир адамга 2-3 банктан кредит берилбеши керек. Учурда Кыргызстанда бирдиктүү база бар. Эгер күрөөсү жетиштүү болсо, бир эле банктан түрдүүчө кредит алса болот. Эгер күрөө жетишсиз болсо, 300 миң сомго чейин кредит алууга жол берилет. Анткени учурда кепилдик фонд иштейт.

Серепчилер айрым кредиттик уюмдар күрөөсүз эле, паспорт менен гана 2-3 күндүн ичинде кредит берип жатканын жана бул насыянын төлөнбөй калуу тобокелчилигин жаратарын айтышат.


Бул материал ЮСАИДдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн. 

Материалды даярдагандар: Ныяз Ташматов, Мырзайым Жаныбек кызы, Анастасия Валеева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген