Коюу туман “Ош” эл аралык аэропортундагы каттамдарды токтотуп турат

Коюу тумандан улам «Ош» эл аралык аэропортундагы аба каттамдар 4-январь кечки саат алты жарымдан бери кармалып турат. Маалыматты «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы тастыктады.

Тумандан улам «Тез Жет» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош-Бишкек, «Авиа Траффик» компаниясынын Ош-Бишкек рейстери уча элек.

Аэропорттун жетекчилиги жарандарды каттамдар тууралуу маалыматтарды сурап билүү түйүндөрүнөн тактап алууга чакырат.

0(312) 693109 жана 0(3222) 90101

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.