Космоско алгачкы жолу төрт турист учту

SpaceX Crew Dragon космос кемеси менен төрт туристти орбитага жөнөттү. Алар космосто үч күн болушат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, мындай көрүнүш дүйнөлүк космонавтиканын тарыхында болгон эмес. Жөнөкөй профессионал эмес жарандардан турган экипаж орбитага учту.

Ракета кечээ, 16-сентябрь күнү, 06.03тө (Бишкек убактысы) Флорида штатындагы Канаверал жергесиндеги космодромдон учурулду. Учкандан 12 мүнөттөй кийин башкарылган космос аппараты учуруучу ракетанын экинчи баскычынан бөлүнүп чыкты. Өз кыймылдаткычтарын эки жолу аткандан кийин Crew Dragon орбитага чыгарылды.

Космостук кеменин жердин орбитасында үч күн болуусу пландалууда. Кесипкөй эмес космонавттар нөлдүк гравитацияда илимий эксперименттерди өткөрүшү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, учуу Shift4 Paymentsтин негиздөөчүсү Джаред Исаакман тарабынан каржыланган. Изилдөөчү Сиан Проктор, инженер Кристофер Семорски жана оорукананын кызматкери Хейли Арсено аны менен бирге космоско чыгышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.