Коррупция тууралуу билдирүүлөр үчүн 1 миллион сомго чейин акы төлөнөт

Экономика жана финансы министрлиги коррупциялык кылмыштар тууралуу билдирген жарандарга акчалай сыйлык берүү боюнча өкмөттүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду. Бул тууралуу министрликтин басма cөз кызматынан билдиришти.

Башкармалык маалымат үчүн коррупционерлер тарабынан мамлекеттин пайдасына кайтарылган сумманын 10 пайызын төлөөнү сунуштайт. Бирок сый акынын өлчөмү 1 миллион сомдон ашпайт.

Эгерде коррупция фактысы тууралуу маалыматтын негизинде бир нече кылмыштын бети ачылса, сый акы эң чоң суммадагы зыяндын орду толтурулган кылмыш үчүн гана төлөнөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.