Короновирустун айынан Кыргызстандагы товарлардын баасы өсө баштады. Видео

Короновирус дүйнө экономикасына олуттуу таасирин тийгизип жатат. Мындай экономикалык каатчылык – Кытай менен кошуна турган Кыргызстанды кыйгап өтпөйт. Учурда өлкөдө соода тармагы солгундап, баалар кымбаттай баштаганы байкалууда. Анткени товарлардын дээрлик 90 пайызы Кытайдан алынып келгендиктен, Кыргызстандын базарларында баалар өсө баштады.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстан тарап Кытай менен болгон чек араны 24-январда белгисиз мөөнөткө жапкан. Мындан улам Кытайдан келген товарлардын баасы жогорулаганы байкалды. Өлкөнүн ири соода борбору аталган Кара-Суу базарында иштеген Нурмухаммад Камбаров көп жылдан бери соода кылып келет. Анын саткан товарларынын көпчүлүгү техникалык каражаттар болгондуктан, азыркы учурда баалары кыйла кымбаттаган. Сатылган буюмдардын көпчүлүгү Кытайдан келгендиктен, азырынча мурдагы камдап койгон товарларын сатып жатат.

“73 доллардан сатылган товар, азыр 80 долларга чыкты. Мындай нерсе ар бир товарда бар. Мурда сыналгы сатып алуу үчүн кардарлар көп келишчү, азыр азайды. Баанын өскөнүнө байланыштуу, соода да солгундай баштады”,-дейт сатуучу.

Товарларды дүңүнөн алып келгендер кампаларына жыйып, 2-3 айга жетээрлик кылып камдап коюшат. Азыр алар ошол товарларын гана сатып жатышат. 2-3 айдан кийин кандай болоору азырынча белгисиз дешет сатуучулар.

Учурда Кыргызстанда азык-түлүктөрдөн тартып, кийим-кечеге чейин да баанын өскөнү байкалууда. Кыргызстан Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу бул өлкөдөн сырткары, башка мамлекеттер менен соода жолдорун издей баштаганын жарыялады. Ага ылайык, ишкерликти коргоо максатында атайын программа даярдалса, Индия, Пакистан, Индонезия, Түштүк Корея, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Бириккен Араб Эмираттары менен альтернатива катары кызматташуу жолу каралат.

Кытай – Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Андыктан ири соода борборлорундагы алып-сатуу ушул мамлекет менен байланыштуу. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына караганда, 2019-жылдын биринчи жарымында Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон товар 844 миллион доллар болгон. Вирустун кесепети – мындан ары бир топко чейин терс таасирин тийгизчүдөй көрүнөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген