Какаганга муштаган. Ансыз да араң күн көргөн дүйнөнүн алсыз катмарын ачарчылык жыкканы турат

Жакынкы 3 айда дүйнөнүн 30дай өлкөсүн ачарчылык каптап, күнүнө 300 миң адам каза болгону турат. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкерлери айтышууда.

Дүйнөдө ачка калган адамдардын саны жыл аягына чейин 265 млнго жетиши мүмкүн. БУУ бул сандар өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп экендигин маалымдады.

Дүйнөнүн айрым жерлериндеги калктын ачка калышына башкы кезекте мамлекеттер аралык келишпестик себеп болсо, экинчи кезекте – туруксуз аба ырайы адамдардын тамак-ашсыз калышын шарттайт. Ал эми үчүнчүдөн экономикалык кризистен улам азык-түлүктүн тартыштыгы келип чыгат.

Алсак, Түштүк Судандын (Түндүк Африка) 61% калкы тамакты тое жебейт. Ушундай эле абалда күн кечирген өлкөлөрдүн катарында Сирия да бар. Анын калкынын үчтөн бир бөлүгү тамакка тойбойт.

Дүйнөдө ачка калып, өзөрүп өлгөндөрдүн эң көбү Африка өлкөлөрүндө катталат. Андан кийин Жакынкы Чыгыш, Азия, Латын Америка жана Кариб өлкөлөрүндө ачкачылыктан азгандар көп кездешет.

Ал эми Түштүк Судандын калкынын жарымы май-июнь айларында тамак-аштын жоктугунан улам кырылып калуу коркунучуна кептелет. Жылдын дал ушул учурунда судандыктарга БУУ тарабынан азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам жеткирилет.

Ал эми Европа өлкөлөрүндө тамак-аштын тартыштыгын Украинанын чыгышындагы Донецкий жана Луганской облустарынан кездештирүүгө болот.

Какаганга муштаган болуп, араң күн көргөндөрдүн жашоосун коронавирус пандемиясы андан да оорлотту.

“COVID-19 вирусу ансыз да өмүрү кыл учунда турган миллиондогон адамдардын жарасына туз септи. Күнүмдүк азыгын араң тапса таап, таппаса ачка эле уктагандарга коронавирус азаптуу күндөрдү алып келди. Биз глобалдуу катастрофанын арткан түйшүгүн бир аз да болсо жеңилдете алсак дейбиз, ошого аракет жасашыбыз керек”,- дейт Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын экономисти Ариф Хуссейн.

Ариф Хуссейндин сөзүнөн улам, болжолдонуп жаткан ачкачылык дүйнөнүн кайсы бир жерлериндеги адамдардын ден-соолугу бул жакта калсын, өлүмүнө себепкер болуп жаткандыгын аңдоого болот.

Пандемиянын таасиринен улам планетанын бүтүндөй жашоочулары азык-түлүксүз калышы мүмкүн. Бул апаат өзгөчө калктын жакыр катмарын жабыркатканы турат.

Андыктан талдоочулар алдыда дүйнөнү каптаган ачарчылык болоорун моюнга алып, азык-түлүк коопсуздугу боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө дүйнө калкын чакырды.

Алар коронавирустун таасири дүйнөнүн булуң-бурчундагы ачка калгандарга гумантардык жардам жеткирүүгө да тоскоолдук кылаарын да айтышууда.

Дүйнөлүк азык-түлүк боюнча программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли дүйнө COVID-19 менен гана эмес, “ачкачылык пандемиясын” да баштан кечирүүгө туура келээрин айтты.

“Акыркы бир нече айда 2020-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун кризиси кайталанаарын байкагам. Менин мындай тыянака келишиме бир нече себептер бар эле: Сирия менен Йемендеги согуш, Түштүк Судандагы абалдын оорлошу, ж.б кырдаалдар биригип олтуруп ачарчылыкка алып барат”,-дейт Дэвид Бизли.

Дэвид Бизли ал жетектеген программанын негизинде гана күн көргөн дүйнөнүн миллиондогон жашоочулары бар экендигин айтты.

“Биз берген жардамдан көз каранды болгон миллиондогон адамдардын арасынан 30 млнго жакынынын жардам албаса күнү бүтөт. Кандай тоскоолдуктар болсо да жардам жетиши керек болгон аймактар бар. Эгер жардам барбаса, анда алдыңкы 3 айда күнүнө 300 миңден адам өмүрүнөн айрылат”,-деп белгиледи Дэвид Бизли.

Анын айтымында, күтүлүп жаткан ачарчылык 30 өлкөгө таасирин катуу тийгизгени турат.

Андыктан Дэвид Бизли ачарчылык күчкө кирген 3 айда дүйнөнүн аярлуу катмарын өлүмдөн сактап калуу үчүн тиешелүү уюмдар тез арада 1,9 млрд доллар бөлүүгө аргасыз экендигин айтууда.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.