Коронавирустун пайда болгонун эң алгач байкаган кытайлык дарыгер көз жумду

Кытайдын Ухань шаарында коронавирус инфекциясынын пайда болуп жаткандыгын биринчилерден болуп эскертип, бирок жалган маалымат таратты деп айыпталган дарыгер каза болду. Бул тууралуу Global Times маалымдады.

Ухань шаарынын борбордук ооруканасынын дарыгери 2019- жылдын 30- декабрында WeChat социалдык түйүнү аркылуу кесиптештерине деңиз азыктары сатылган “Хуанань” базарында аталган вирустун белгилери аныкталгандыгын жазган.

Кийинки күнү дарыгер Ли жана анын инфекция тууралуу маалыматты бөлүшкөн жети кесиптеши Ухань шаардык тартип сакчылары тарабынан суракка чакырылып, жалган маалыматты таратпоого эскертүү алышкан.

Андан туура бир ай өткөн соң гана Кытайдын Жогорку соту Линин тараткан маалыматын четке кагып ката кетиргендигин моюнга алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген