Коронавирустун күнүмдүк өсүшү 30 пайызга жетти

Кыргызстанда акыркы 12 күн ичинде коронавирус оорусунун жогорку өсүшү байкалып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бул коронавирус инфекциясынын төртүнчү толкунунан кабар берет.

“Акыркы үч күндө оорунун күнүмдүк өсүшү 30 пайызды түздү, бирок катталган учурлардын 60 пайызында оору жеңил жана симптомсуз өтүп жатат. 2021-жылдын 5-декабрынан 2022-жылдын 5-январына чейин 165 үлгү даярдалып, Улуттук фтизиатрия борборуна секвенирлөөгө жиберилген. Алдын ала маалыматка караганда, “омикрон” штаммынын эки учуру аныкталды. Бул бейтаптар дарыланууда, абалдары туруктуу”, – дейт ал.

Ушул жылдын 1-12-январында коронавирустун жалпы 1 376 учуру катталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.